Иракта бир үй-бүлөдөн төрт кишиде коронавирус аныкталды
Үй-бүлөнүн карантинге алынгандыгы белгиленди.
1366105
Ирактын Керкүк шаарында бир үй-бүлөдөн 4 кишиде коронавирус аныкталды.
Ирактын Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Керкүктө бир канча күн мурда Ирандан кайткан бир үй-бүлөдөн төрт кишиде Ковид-19 табылды.
Үй-бүлөнүн шаардагы ооруканада карантинге алынгандыгы белгиленди.
Ирактын Нажаф шаарында да кечээ ирандык студентте жаңы типтеги коронавирус аныкталган болчу.