Коронавирус Ооганстанда дагы катталды

Жаңы типтеги коронавирусту жуктургандардын саны дүйнөнүн жалпысында 79 миңден ашты.

1365282
Коронавирус Ооганстанда дагы катталды

Ооганстандын батышында коронавирусту жуктурган биринчи адам катталды.

Коомдук саламаттык сактоо министри Ферозуддин Фероз, өлкөнүн батышындагы Герат аймагында бир кишиде Ковид-19 аныкталгандыгын кабарлады.

Фероз, аймакта өзгөчө абал жарыялангандыгын белгиледи.

Бир тараптан өлкөдө кеминде 10 киши жаңы типтеги коронавирус боюнча карантинге алынды.

Кытайдын Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында пайда болгон жаңы типтеги коронавирусту жуктургандардын саны дүйнөнүн жалпысында 79 миңден ашты.

Ал эми Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 2 миң 594 кишиге, вирусту жуктургандардын саны 77 миң 150гө жетти. 



Тектеш кабарлар