Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Халифе Хафтер менен жолугушту

Жолугушуу өткөн жер тууралуу маалымат берилген жок.

1362637
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Халифе Хафтер менен жолугушту

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер менен жолугушту. Премьер  - министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Шойгунун Хафтер менен жолугушкандыгы белгиленди. Жолугушууда Ливиядагы абалдын каралгандыгы билдирилип : «Ливияда ок атышпоонун түзүлүшү жана өлкөдөгү абалдын жакшыртылышына карата процесстин башталышы тууралуу 13 – январда борбор шаар Москвада өткөн жолугушуулардын мааниси баса белгиленди»,- деп белгиленди.

Германияда 19 -  январда болгон Берлин конференциясында  чыгарылган чечимдердин ишке ашышы  керектиги билдирилген маалыматта : «Тараптар дагы бир жолу Ливия кризисинин дипломатиялык жолдор менен чечилиши керектигине, Ливиянын көз карандысыздыгы, биримдиги жана жеринин бүтүндүгүнө караштуу экендигине басым жасалды»,- деп билдирилди. Ошондой эле маалыматта жолугушуунун өткөн жери тууралуу маалымат берилген жок.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар