Ачарчылык менен күрөшкөн эл
Кургакчылык эгин талааларына жана жайыттарга зыян тийгизүүдө.
Намибияда орто эсеп менен 350 миң кишинин кургакчылыктын айынан ачкачылык менен бетме-бет келгени билдирилди.
Намибиянын премьер-министри Саара Куугонгелва улуттук басма сөзгө берген маалыматында, ар кайсы аймактарда болуп жаткан кургакчылыктын эгин талааларына жана жайыттарга зыян тийгизгендигин айтты.
Кургакчылыктын айынан 350 миң кишинин ачкачылык коркунучу менен бетме-бет келгенине көңүл бурган Куугонгелва, ачарчылык маселесинин чечилүүсү үчүн өкмөт менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелеше иш жүргүзүп жатканын айтты.
Куугонгелва ушул алкакта декабрь айынан бери Ошана аймагындагы 12 миң кишиге азык-түлүк жардамы берилгенин белгиледи.
Орто эсеп менен 3 миллион калктуу Намибиянын бир канча аймагында кургакчылыкка байланыштуу азык-түлүк жана суу маселеси жаралууда.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.