Тель Абьядда бомбалуу унаа жардырылды

Улуттук коргоо министрлиги Тель Абьяддагы бомбалуу унаа менен кол салууну кылган ПКК/ЙПГга мүчө террористтердин тирүү кармалгандыгын жарыялады.

1360540
Тель Абьядда бомбалуу унаа жардырылды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Сирия улуттук армиясы (СУА) тарабынан жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясы менен террористтерден тазаланган Сириянын түндүгүндөгү Тель Абьяд районунда болгон бомбалуу кол салууда 4 жаран каза тапты.

Тель Абьяд районунун борборундагы кыймылдуу көчөдө унаага жайгаштырылган бомбанын жардырылуусунун себебинен алгачкы белгилөөлөргө караганда 4 жаран каза тапты.

Коопсуздук булактары террордон куткарылган аймактарда бомбалуу кол салуулардын жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан кылынганын, бирок уюм жарандарга зыян тийгизгендиги үчүн булардын жоопкерчилигин моюнга алуудан качканы белгиленген.

Шанлыурфанын Акчакале районунун маңдайындагы Сириянын Тель Абьяд райондук борбору 2019-жылы 13-октябрда «Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган.

Бир тараптан Улуттук коргоо министрлиги Тель Абьяддагы бомбалуу унаа менен кол салууну кылган ПКК/ЙПГга мүчө террористтердин тирүү кармалгандыгын жарыялады.

Министрликтин социалдык медиа барагы Твиттерден берген маалыматында кол салууну кылган террористтин жана экинчи кол салуу үчүн бомбалуу унаа менен аймакка бараткан дагы бир террористтин тирүү кармалганын жарыялады.



Тектеш кабарлар