Кытайда Ковид - 19га каршы салттык дарылоо да колдонулууда
Хубэйдеги жаңы саламаттык сактоо комиссиясынын төрагасы Ванг Хишинг «Аракеттерибиз жакшы жыйынтыктарды бере баштады»,- деди.
Кытайда Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында чыккан жаңы тип коронавирус Ковид – 19 менен күрөшүүдө 2 миң жылдык салттык дарылоо методу да колдонулууда.
Bloomberg Newsта орун алган кабарга караганда Хубэйдеги жаңы саламаттык сактоо комиссиясынын төрагасы Ванг Хишинг Ухандагы кээ бир ооруканаларда салттык Кытай медицинасынын дарылоо методдорунун да колдонулгандыгын айтты.
Ковид – 19 менен күрөштө батыштын медицинасы менен салттык дарылардын бирдикте колдонулгандыгын айткан Ванг : «Аракеттерибиз жакшы жыйынтыктарды бере баштады»,- деди.
Кытай улуттук биотехнологияны өнүктүрүү борборунун төрагасы Жанг Шинмин коронавирус менен күрөшүүдө хлорохин дифосфат, фавипиравир жана ремдесивирдин адамдарда сыналгандыгын билдирген.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.