Бир машинанын чоңдугундай ташбака фосили табылды
Түштүк Америкада "Stupendemys" деп аталган тузсуз суу ташбакасына таандык, бир машинанын чоңдугунда фосилдер табылды.
Түштүк Америкада "Stupendemys" деп аталган тузсуз суу ташбакасына таандык, бир машинанын чоңдугунда фосилдер табылды.
БиБиСиде берилген кабарга караганда 7 – 13 миллион жыл мурда жашагандыгы болжолдолгон ташбакага таандык фосилдер Колумбиянын Татакоа чөлү менен Венесуэланын Урумако аймагынан табылды.
Биринчи Stupendemys фосилдери 1970 - жылдары табылгандыгына карабастан 4 метр узундугундагы жаныбар тууралуу көп сандаган сыр жоопсуз калды.
Иликтөөлөрдүн натыйжасында үч метр узундуктагы кабык жана астыңкы ээк сөөгүнүн жаныбарлардын азыктанышы тууралуу белгилерди бергендигин маалымдаган изилдөөчүлөр чоң ташбаканын көл жана дарыялардын түбүндө крокадилдер менен жашагандыгын, кичинекей жаныбарлар жана өсүмдүктөр, мөмө – чөмөлөр менен азыктангандыгын болжошууда.
Иликтөөчүлөр жаныбардын көлөмүнүн башка жырткычтардан коргонуу үчүн абдан маанилүү экендигин айтышууда.
Андан мурда табылган фосилдердин бирөөсү ичине көмүлгөн чоң ургаачы ташбака менен табылган.