Песков журналисттерге маалымат берди

Песков, Түркия менен жакын байланышта экендиктерин айтты.

1359744
Песков журналисттерге маалымат берди

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Сириянын Идлиб аймагы темасында Түркия менен жакын байланышта экендиктерин айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында, Сириядагы кырдаалга сереп салды.

Идлибдеги чыңалуунун күчөгөнүн баса белгилеген Песков: «Орусия менен Түркия, Идлибдеги абал боюнча жакын байланыш куруп жатат. Лидерлерибиз ушул аптада телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Аскердик жетекчилерибиз сүйлөшүштү, эки өлкөнүн делегациялары жолугушууларды өткөрүүдө»,-деп айтты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө да, министр Сергей Лавров менен түрк кесиптеши Мевлүт Чавушоглунун 16-февралда Мюнхен Коопсуздук конференциясынын алкагында жолугушуу өткөрүүнү пландагандары кабарланды.



Тектеш кабарлар