Кытайдагы акыркы кырдаал
Хубэйде акыркы 24 сааттын ичинде дагы 242 киши каза болду.
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) эпидемиясынын борбору Хубэй аймагында акыркы 24 сааттын ичинде дагы 242 кишинин каза болушу менен бирге өлкөнүн жалпысында каза тапкандардын саны 1 миң 368 кишиге, вирусту жуктургандардын саны болсо 59 миң 883 кишиге жетти.
Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы эпидемияга байланыштуу маалымат берген жок. Кырдаалга интернет аркылуу байкоо салган платформалардын көрсөткүчтөрүнө караганда өлкөнүн жалпысында каза тапкандардын саны 1 миң 368 кишиге, вирусту жуктургандардын саны болсо 59 миң 883 кишиге жетти.
Бир тараптан Кытайдын Коммунисттик партиясынын Хубэйдеги катчысы Чан Чаолян, оору пайда болгондон бери аймактагы начар башкаруудан улам кызматтан алынып, анын ордуна Шанхайдын мурунку мэри Йонг Ин Йонг дайындалды.
Ошондой эле Кытай элдик боштондук армиясынын ар кайсы бөлүктөрүнөн 2 миң 600 аскердик медициналык кызматкер Уханга жөнөтүлдү.
Ушундайча Уханга Covid-19 пайда болгондон бери жөнөтүлгөн аскердик медициналык кызматкерлердин саны 4 миңден ашты.
Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «чукул абал» жарыялаган болчу.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.