Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жаңы тип коронавируска ат койду

Тедрос Адханом Гебрейесус Кытайда чыккан жаңы тип коронавируска "Covid-19" деген ат берилгендигин жарыялады.

1358008
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жаңы тип коронавируска ат койду

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кытайда чыккан жаңы тип коронавируска "Covid-19" деген ат берилгендигин жарыялады.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун башкы дирктору Тедрос Адханом Гебрейесус уюмдун Женевадагы борборунда өткөргөн пресс- жыйынында : «Эми оору үчүн бир атыбыз бар жана бул Covid-19",- деди.

«Географиялык бир жерге, бир жаныбарга, бир кишиге же бир группа кишиде болбогон, ошол эле учурда айтууга оңой жана оору менен байланыштуу бир ысым табуубуз керек эле»,- деген Гебрейесус вируска жаңы аттын берилишинин «жаңылыш» болушу мүмкүн болгон башка аттардын колдонулушуна тоскоол болуу үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи.

Бардык өлкөлөрдү вирустун жайылышына тоскоол болуу үчүн күрөшүүгө чакырган Гебрейесус биринчи вакцинанын да 18 айда чыгышы мүмкүн экендигин билдирди.

 



Тектеш кабарлар