"Covid-19" эпидемиясынан каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Жаңы оору адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратууда.

1357727
"Covid-19" эпидемиясынан каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан «Covid-19» деп аталган Кытайдагы жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 1 миң 114 кишиге, вирусту жуктургандардын саны болсо 44 миң 653 кишиге жетти.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы, вирусту жуктуруп алышы мүмкүн деп шектелгендердин саны 16 миңге, карантинге алынгандардын саны 185 миң 37 кишиге жеткенин билдирди.

Covid-19дан каза тапкандардын саны бирөө Гонконгдо болуп жалпы 1 миң 114 кишиге, коронавирусту жуктаргандардын саны 44 миң 653 кишиге жетти. Алардын 8 миң 204үнүн абалы оор.

Ошондой эле Кытайга караштуу Гонконг автономдуу аймагында вирусту жуктурган бейтаптардын саны 49га жетсе, ушул күнгө чейин ооруканадан 4 миң 740 киши айыгып чыкты.

Өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде 97 киши Covid-19дан каза таап, вирусту жуктурган жаңы 2 миң 15 бейтап аныкталды. Алардын 1 миң 638и коронавирустун борбору Хубэйде катталды.

Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «чукул абал» жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар