Афганстан аткаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Талибан менен тынчтык процессинин келген жери каралды.

1358068
Афганстан аткаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөштү

Афганстан аткаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Аткаруу кеңешинин башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Абдуллах менен Помпеонун арасында өткөн сүйлөшүүдө Талибан менен тынчтык процессинин келген жери каралды.

Абдуллах менен Помпеонун АКШ менен Талибандын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн акырына чыгышынан кийин афган диалогунун башталышын сүйлөшкөнү билдирилип, Талибандын тынчтыкка кошулушу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн жаратылгандыгы маалымдалды. Помпео болсо Талибан менен АКШнын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө алдыга жылуунун болгондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар