Дональд Трамп менен жубайы Мелани Трамп Индияга барат

АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелани Трамп 24 – 25 -  февраль күндөрү Индияга сапар менен барат.

1357225
Дональд Трамп менен жубайы Мелани Трамп Индияга барат

АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелани Трамп 24 – 25 -  февраль күндөрү Индияга сапар менен барат.

Ак үйдүн басма сөз офисинен берилген маалыматта Трамп жубунун Индиянын борбор шаары Дели жана Индия көз карандысыздык кыймылы менен Махатма Гандинин турмушунда маанилүү роль ойногон жана премьер  - министр Нарендра Модинин туулган жери Гужарат аймагындагы Ахмеддабадга да барары билдирилди.

Моди жана Трамптын жуманын акырында телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү билдирилген маалыматта : «Эки лидер бул сапардын АКШ  -  Индия стратегиялык өнөктөштүгүн дагы да күчтөндүрөрү, Америка калкы менен Индия калкынын ортосундагы күчтүү байланыштарды дагы да алдыга чыгарары тууралуу макулдашылды»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар