«Сабина» бороон-чапкыны Германияга дагы таасирин тийгизип жатат

«Сабина» бороон-чапкыны учак жана темир жол каттамдарын үзгүлтүккө учуратты.

1356156
«Сабина» бороон-чапкыны Германияга дагы таасирин тийгизип жатат

Европа өлкөлөрүнөн Германияда дагы таасирдүү боло баштаган «Сабина» бороон-чапкыны учак жана темир жол каттамдарынын үзгүлтүккө учурашына алып келди.

Германиянын метеорологиялык агенттиги, таасиринин күчөшү күтүлгөн «Сабина» бороон-чапкынына каршы жарандарды эскертти.

Катуу шамалдын себебинен көп сандаган аэропортто 350дөн ашуун учак жана поезд рейстери токтотулуп, көп сандаган поезд каттамдары да үзгүлтүккө учурады.

Бир катар шаарда мектептер бүгүн жабылды.

Ылдамдыгы саатына 110 чакырымга жетиши күтүлгөн «Сабина» бороон-чапкынынын бүгүн кечки убактарда таасирин азайтышы күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар