Песков АКШнын санкция саясатына сереп салды

Песков: «Бул ыкма эл аралык мыйзамдарга карама-каршы келет»

1356632
Песков АКШнын санкция саясатына сереп салды

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШнын санкцияларынын эл аралык мыйзамдарга туура келбегенин белгиледи.

Песков борбор шаар Москвада АКШнын санкция саясатына сереп салды.

АКШнын акыркы мезгилдерде үчүнчү өлкөлөргө соодалык кызыкчылыктарынын алкагында санкцияларды киргизип жатканына көңүл бурган Песков: «Бул ыкма эл аралык мыйзамдарга карама-каршы келет. Бир катар өлкө мындан зыян тартууда»,-деп айтты.

АКШнын санкция саясатына каршы экендиктерин баса белгилеген Песков, Орусиянын абалга жараша АКШнын мыйзамсыз санкцияларына жооп кайтара турганын белгиледи.

Блумбергдин кабарына караганда, АКШнын Орусиянын эң ири мунай компаниясы Роснефтиге каршы Венесуэладагы иштеринен улам санкция киргизе тургандыгы айтылган эле.



Тектеш кабарлар