Египетте коопсуздук жеринде куралдуу кол салуу болду

Кол салуудан кийин чыккан кагылышууда аскерлерден каза болгон жана жаралангандардын болгондугу билдирилди.

1356381
Египетте  коопсуздук жеринде куралдуу кол салуу болду

 Египеттин түндүк  - чыгышындагы Түндүк Сина облусунда  бир коопсуздук жерине жасалган кол салуудан кийин чыккан кагылышууда аскерлерден каза болгон жана жаралангандардын болгондугу билдирилди.

Египет армиясынын катчысы полковник Тамир ер  - Рифаи фейсбук аркылуу берген маалыматында куралдуу бир топтун Түндүк Синада бир коопсуздук жерине кол салгандыгын белгиледи.

Рифаи коопсуздук күчтөрүнүн жооп кайтарышы менен чыккан кагылышууда жети аскердин каза болгондугун билдирди бирок булардан канчасынын каза болгондугу жана канчасынын жаралангандыгына байланыштуу маалымат берген жок. Рифаи кагылышууда кол салуучулардан да онунун жок кылынгандыгын айтты.

Түндүк Сина облусундагы Рефах жана Ариш шаарлары кээ кээде куралдуу топтордун кол салуусуна дуушар болууда.

Египет армиясы жана коопсуздук уюму 2013 – жылы сентябрь айынан бери Синадагы көптөгөн облуста коопсуздук күчтөрүн бутага алган кол салууларды ишке ашырууда деген негиз менен «террорист жана жолдон чыккандар» деп мүнөздөгөн элементтерге карата операцияларды жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар