Гонконгдук миллиардерден Уханга 18 миллион долларлык жардам

Гонконгдун эң бай кишиси жаңы коронавирустун борбору Кытайдын Ухань шаарына жардам үчүн 18 миллион долларга жакын жардам берди.

1356743
Гонконгдук миллиардерден  Уханга 18 миллион  долларлык жардам

Гонконгдун эң бай кишиси жаңы коронавирустун борбору Кытайдын Ухань шаарына жардам үчүн 18 миллион долларга жакын жардам берди.

TheStraitTimesтын кабарына караганда 91 жаштагы ишкер Ли Ка Шингдин фондунун Ухань үчүн  17, 87 миллион долларлык жардамы  Кытай Кызыл Крестинин арачылыгы менен таркатылат.

Фонд Гонконг жана Ухандагы саламаттык сактоо кызматкерлерине жардам үчүн материалдарды алгандыгы да белгиленди.

Ли Ка Шингдин 28, 3 миллиард долларлык байлыкка ээ экендиги билдирилди. Ошол эле учурда  Вьетнам аба жолдору JSCге таандык бир учак менен Вьетнам жарандарынын Ухань шаарынан эвакуациялангандыгы маалымдалды.

JSCден берилген маалыматта Ухандан эвакуацияланган Вьетнам жарандарын ташыган учактын бүгүн эрте менен Куанг Нинь аймагындагы Ван Дон аэропортуна конгондугу белгиленди.

Жүргүнчүлөр менен экипаждын 14 күн байкоодо боло турган карантин аймагына жиберилгендиги билдирилип, Ухандан эвакуацияланган Вьетнам жарандарынын саны тууралуу маалымат берилген жок. Вьетнам Кытайга карата бардык учак каттамдарын токтоткон болчу.

Кытайда NCP эпидемиясынан каза болгон киши саны 909га, вирустан таасирленген киши саны 40171ге жеткен.



Тектеш кабарлар