Чөл чегирткелери азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратууда

Чыгыш Африка чегирткелер менен күрөшүп жатат.

1356347
Чөл чегирткелери азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратууда

Чыгыш Африкада орто эсеп менен үч айдан бери жайылып жаткан чөл чегирткелери Кения, Сомали жана Эфиопиядан кийин эми Уганда менен Танзанияга да жетти.

Күн сайын 150 чакырым жолду басып өтө алган жана барган аймактардагы эгиндерге зыян тийгизген чегирткелер жергиликтүү элди дүрбөлөңгө түшүрдү.

Чоң чегирткерлер угандалыктар менен танзаниялыктарды таң калтырса, өкмөттөр да чегирткелер үчүн чукул чара көрүү пландарын ишке киргизишти.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, чөл чегирткелеринин азык-түлүк коопсуздугуна буга чейин болуп көрбөгөндөй түрдө коркунуч жаратканын жана чара көрүү үчүн орто эсеп менен 70 миллион долларлык чукул жардам пакетине муктаждык бар экенин билдирди.

Бир чарчы километрде орун алган 40-80 миллион чегиртке бир күндүн ичинде эле 35 миң кишиге жете тургандай азыкты түгөтүшөт.



Тектеш кабарлар