Кытайдын президенти Дональд Трамп менен коронавирус жана соода келишими тууралуу сүйлө

Кытайдын президенти Си Цзиньпин АКШга өлкөсүндөгү абалдан улам ылайыктуу чараларды көрүүгө чакырып эки өлкөнүн ортосундагы соода маселелерин да диалог жолу менен чечүүнү ойлошкондорун белгиледи.

1355202
Кытайдын президенти   Дональд Трамп менен коронавирус жана соода келишими тууралуу сүйлө

Кытайдын президенти Си Цзиньпин АКШны өлкөсүндөгү абалдан улам ылайыктуу чараларды көрүүгө чакырып эки өлкөнүн ортосундагы соода маселелерин да диалог жолу менен чечүүнү ойлошкондорун белгиледи.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Си телефон аркылуу сүйлөшкөн АКШнын президенти Дональд Трамп менен өлкөсүндөгү жаңы тип коронавирус эпидемиясы жана эки өлкөнүн ортосундагы соода келишимин  карап чыгышты.

Трамптын Кытайдын эпидемия менен күрөшүн колдогондугун жана эки өлкөнүн эпидемия тууралуу жакын байланыш ичинде экендигин белгилеген Си Цзиньпин эпидемия менен күрөшүүдө көрүлгөн чаралардын кадам кадам жыйынтык бере баштагандыгын жана муну жеңүү үчүн ишеничинин толук экендигин айтты.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган соода келишимине байланыштуу , бул келишимдин эки тараптын ортосунда айырмачылыктардын болгонуна карабастан бири бирине сый көрсөтүүнүн негизинде диалог жана сүйлөшүүлөр менен кабыл алына турган чечүүчү жол ыкмаларынын табыларын  көрсөткөндүгүн айтты.

АКШнын президенти Трамп да АКШнын болгон күчү менен Кытайдын эпидемия менен күрөшүн колдогондугун белгилеп, адистерди жиберүү менен өлкөгө жардам берүүгө даяр экендерин айтты.

 



Тектеш кабарлар