Жевад Зариф менен Махмуд Аббас АКШнын жалган тынчтык планын сүйлөштү

Иран өкмөтүнүн интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Зариф менен Аббас телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1353705
Жевад Зариф менен Махмуд Аббас АКШнын жалган тынчтык планын сүйлөштү
mahmud abbas.jpg

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф менен Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас АКШнын жалган тынчтык планын сүйлөштү.

Иран өкмөтүнүн интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Зариф менен Аббас телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө АКШнын президенти Дональд Трамптын өткөн жумада билдирген жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планы каралды. Бул планды четке кагышкандарын кайталаган Зариф менен Аббас ислам дүйнөсүнүн Палестинанын бардык мыйзамдарын колдоо үчүн биримдик жана тилектештик ичинде аракет кылышы керектигин баса белгиледи.

Бир тараптан Ирандын тышкы иштер министри Зариф Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи, Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши жана Алжирдин тышкы иштер министри Сабри Букадум менен да өз  - өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө күн тартиби тууралуу акыркы абалдардын каралгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар