Орусия АКШнын Жакынкы Чыгышка карай жалган тынчтык планы ишке ашкыс экенин билдирди

Палестиналык расмий маалымат агенттиги WAFAга караганда Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Орусиянын атайын өкүлү Александр Лавриентьевди кабыл алды.

1353735
Орусия АКШнын Жакынкы Чыгышка карай жалган тынчтык планы ишке ашкыс экенин билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү Александр Лаврентьев, АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышка карай жалган тынчтык планынын ишке ашырылгыс болгонун айтты.

Палестиналык расмий маалымат агенттиги WAFAга караганда Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Орусиянын атайын өкүлү Александр Лаврентьевди басып алуу астындагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарында орун алган Президенттик сарайында кабыл алды.

Аббас, жалган пландын араб жана Ислам өлкөлөрү тарабынан «эл аралык мыйзамдуулук жана эл аралык эрежелердин бардык токтомдорун жана 1967-жылдагы чек ара боюнча борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин курууну максаттаган саясий процесстин негиздерин бузганы» себеби менен четке кагылганын баса белгиледи.

Аббас, Орусиянын да жалган тынчтык планын четке кагуусу жана эл аралык органдарга баш ийгенин көрсөткөн мамилесине ыраазы болгондорун айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү Александр Лаврентьев, болсо өлкөсүнүн Палестина доосуна чечүүчү жол табууга карай мамилесин белгилеп, эл аралык укуктун алкагында эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун негизине баш ийгендерин айтты.

Лаврентьев, АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышка карай жалган тынчтык планы тууралуу болсо «АКШнын планынын ишке ашырылышы мүмкүн эмес»,деди.



Тектеш кабарлар