Иран Кытайдагы жарандарын эвакуациялады

Эвакуацияланган 50 жаран 14 күн байкоо астында болот.

1353712
Иран Кытайдагы жарандарын эвакуациялады

Иран коронавирус эпидемиясы чыккан Кытайдын Ухань шарындагы 50 жаранын эвакуациялады.

Ирандык студенттер агенттигине маалымат берген Иран саламаттык сактоо министрлигинин коом менен байланыштар боюнча төрагасы Киянуш Жиханпур : «Өлкөгө алып келинген жарандар аэропорттогу биринчи дарылануудан кийин карантин үчүн даярдалган жерге алып барылды»,- деди.

Жиханпур бул кишилердин чара көрүү максатында 14 күн байкоо астында болорун белгиледи.

Бир тараптан Иран саламаттык сактоо министрлигинин Жугуштуу оорулар борборунун төрагасы Мухаммед Мехди Гуя Кытайдан алып келинген 50 кишиден коронавирустун табылбагандыгын айтты.

Иран саламаттык сактоо министрлигинин коом менен байланыш боюнча төрагасы Жиханпур жекшемби күнү берген маалыматында көпчүлүгү студенттерден турган 80 ирандыктын Кытайдын Ухань шаарынан өлкөгө алып келинерин жарыялаган.



Тектеш кабарлар