Жаңы тип коронавирус дүйнөгө жайылууну улантууда

Ухандан эвакуацияланган 201 америкалык да Калифорнияда карантинге алынды.

1350468
Жаңы тип коронавирус дүйнөгө жайылууну улантууда

Кытайдын Ухань шаарында ортого чыккан жаңы тип коронавирус дүйнөгө жайылууну улантууда.

Ухандан эвакуацияланган 201 америкалык да Калифорнияда карантинге алынды.

Жаңы Зеландия жана Сингапур өкмөттөрү да Кытайдын Ухань шаарындагы жарандарын эвакуациялай баштады.

Пекин башкаруусу вирустун жайылышына бөгөт болуу үчүн 55 миллионго жакын кишини карантинге алды бирок каза болгондордун саны барган сайын көбөйүүдө.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун башкы дирекору Тедрос Адханом вирустун Германия, Вьетнам жана Японияда адамдан адамга жукканына байланыштуу далилдердин бар экенине көңүлдөрдү бурду. Адханом вирустун иликтениши үчүн курула турган эл аралык бир топтун Кытайга барарын айтты.

Ошол эле учурда Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун чукул абал комитети «глобалдык чукул абал жарыясы» темасын карап чыгуу үчүн чогулат.

Араларында British Airways жана Луфтанса да болгон көп сандаган аба жол компаниясы да Кытайга карата каттамдарын токтотту.

Акыркы жолу Канада аба жолу Air Канада, Пекин жана Шанхайга карата бардык каттамдарын жойду. Бир тараптан Кытай экономика министрлиги эпидемия менен күрөшүү чаралары үчүн 3, 9 миллиард долларлык бир фонддун бөлүнгөндүгүн билдирди. Вируска каршы вакцина чыгаруу аракеттери да улантылууда. Вакцина даяр болушу үчүн эң аз бир жарым айдын керек экендиги белгиленди.

Вакцина эмгектерин жүргүзгөн Австралия инфекция жана иммунитет  институту болсо коронавирустун Кытайдан кийин биринчи жолу лаборатория чөйрөсүндө  чыгарылгандыгын билдирди.

Азыркы учурда табылган кээ бир дарылардын коронавирусту дарылоодо колдонулгандыгы да ырасталды.

Дарылардын бардык оорулуулар колдонуу үчүн жоопкерчиликти берүү процессинин башталгандыгы билдирилди.

Индия жана Филиппиндерде Кытайдын Ухань шаарында ортого чыккан жана эпидемияга айланган жаңы тип коронавирус чыкты.

Жалпы дүйнөдө анын ичинен  Таиландда 14, Японияда 11, Сингапурда 10, Малайзия менен Австралияда 7ден, Франция менен АКШда 5тен, Бириккен Араб Эмирликтери, Түштүк Кореяда 6, Германияда 4, Канадада 3, Вьетнамда 2, Непал, Кабоджа, Шри Ланка жана Финландияда 1ден кишиде коронавирустун бар экендиги такталды.  

Ошол эле учурда Орусия жаңы тип коронавирустан улам Кытай менен чек араны жабуу жана Кытай жарандарына виза берүүнү чектөө чечимин чыгарды.

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар