Трамп АКШ-Мексика-Канада соода келишимине кол койду

Трамп аземдеги сөз сүйлөөсүндө убадасына турганын айтты.

1350152
Трамп АКШ-Мексика-Канада соода келишимине кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп, Конгресс тарабынан бекитилген АКШ-Мексика-Канада соода келишимине кол койду.

Ак үйдө өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Трамп, Түндүк Америка эркин соода келишиминин (NAFTA) ордун ээлей турган жаңы келишимдин америкалык жумушчулар үчүн абдан маанилүү жетишкендиктерди камтыганын баса белгиледи.

Кызматка келгенден бери тынымсыз төмөн жана орто кирешелүү АКШ жарандары үчүн иштегенин айткан Трамп: «Ондогон жылдардан бери президенттерибиз Түндүк Америка эркин соода келишимин өзгөртөбүз деп убада беришкен бирок ишке ашыра алышкан жок. Мен алар сыяктуу эмесмин, убадама турамын»,-деди.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс да кыскача сөз сүйлөп, келишимди өзгөртүү процессиндеги аракеттеринен улам Трампка ыраазычылык билдирди.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин АКШ-Мексика-Канада эркин соода келемине кол койгон Трамп, катышуучулардан алкыш алды.



Тектеш кабарлар