Круиздик кеме коронавируска байланыштуу карантинге алынды

Жүргүнчүлөрдү ташыган кеме Италиядагы портко токтотулду.

1350471
Круиздик кеме коронавируска байланыштуу карантинге алынды

Италияда жаңы типтеги коронавирус бар деп шектелген кеме карантинге алынды.

Жер Ортолук деңизде круиздик кемедеги кытайлык жубайларда байкалган белгилердин себебинен кеме Италиянын Чивитавеккья шаарындагы портко токтотулду.

Италиянын АНСА агенттигинин кабарына караганда, 6 миң жүргүнчүсү бар Коста Крокьер компаниясына таандык круиздик кеме кытайлык жуптун дене табы көтөрүлгөндүктөн өлкөнүн батышындагы Чивитавеккья портуна якорун түшүрдү.

Кытайлык жубайлар, жаңы типтеги коронавирусту жугузуп алышы мүмкүн деген шек менен кеменин тез жардам бөлмөсүндө байкоого алынды. Андан соң анализ тапшырылышы үчүн Римдеги жугуштуу оорулар изилденген Лаззаро Спалланцани институтуна алып барылды.

Алдын алуу максатында кытайлык жуптун бөлмөсү жана бул бөлмөгө жакын жүргүнчүлөрдүн бөлмөсү бошотулуп карантинге алынды.

Кемеде 30 түрк жүргүнчү менен бирге 751 кытайлык жүргүнчүнүн болгону кабарланды.



Тектеш кабарлар