Йеменде хусилер Худейде шаарын "Апаат аймагы" деп жарыялады

Саламаттык сактоо министрлиги кызматын аткарып жаткан Таха ел  -  Мутевеккил Худейдеде 2019 -  жылы холера жана 76 миң кишинин сары безгек оорусуна чалдыкканын айтты.

1349483
Йеменде хусилер Худейде шаарын "Апаат аймагы" деп жарыялады

Йемендеги хусилер өлкөнүн батышындагы Худейде шаарын жугуштуу оорулардан улам «апаат аймагы» деп жарыялады.

Иран колдогон хусилерге таандык «Ел  - Месире» интернет сайтындагы кабарга караганда хусилердин өкмөтүндө саламаттык сактоо министрлиги кызматын аткарып жаткан Таха ел  -  Мутевеккил Худейдеде 2019 -  жылы холера жана 76 миң кишинин сары безгек оорусуна чалдыкканын айтты.

Эл аралык мекемелерди чукул жардамга чакырган Мутевеккил саздар жана жугуштуу ооруларга себеп болгон жерлердин жабылышы, таштандылардын чогултулушу, жабык идиштерде суу берилиши сыяктуу бир топ кадамдардын ташталышы керектигин белгиледи.

Мутевеккил өзгөчө эпидемиялык ооруларга каршы бирдикте күрөшүү жана элге маалымат берилишинин маанисин билдирди.



Тектеш кабарлар