Кытайдагы белгисиз вирус үч адамдын өмүрүн алды

САРСка окшогон белгисиз вирус ылдам жайылып баратат.

1343926
Кытайдагы белгисиз вирус үч адамдын өмүрүн алды

Кытайдын Ухань шаарында декабрь айында аныкталган белгисиз вирустан каза тапкандардын саны 3 кишиге жетти.

Маалымдалгандай САРСка окшогон белгисиз вирус аптанын аягында Уханда 136, Пекинде 2 жана Гуандун аймагында бир кишиде табылды.

Шаарда декабрь айынан бери жайылып жаткан вирустан таасирленгендердин саны 198 кишиге жетсе, алардын үчөө көз жумду.

Бир тараптан ооруканага жеткирилген 170 адам дарыланып жатат. Оорулуулардан 44нүн абалынын оор экени билдирилди.

Элге вирусту жугузуп албаш үчүн адамдар жыш жүргөн жерден алыс болуу, гигиенаны сактоо сунушу айтылды.



Тектеш кабарлар