Конго демократиялык республикасында кагылышуу болду

Кагылышууда 10 киши каза тапты.

1343896
Конго демократиялык республикасында кагылышуу болду

 Конго демократиялык республикасынын түндүк  - чыгышында аскерлер менен куралдуу топтордун арасында чыккан кагылышууларда 10 киши каза тапты.

Конго демократиялык республикасынын армиясынан берилген маалыматка караганда коопсуздук күчтөрү операция жүргүзгөн Махаги аймагында жуманын акырында аскерлер менен куралдуу топтордун ортосунда Катанга, Джого жана Чоро шаарларында  куралдуу кагылышуу чыккандыгы белгиленди. Маалыматта кагылышууда эки аскер каза болуп, куралдуу топтон 8 кишинин өлтүрүлгөндүгү маалымдалды.

Өзгөчө  жок кылынгандардын 2017 -  жылдан бери аймактагы жарандарга кол салган Конго демократтар коалициясына караштуу куралдуу топтор экендиги да белгиленди.



Тектеш кабарлар