Ливия темалуу Берлин конференциясы өтүп жатат

12 өлкө жана төрт эл аралык уюм, эл аралык коомчулук экиге бөлүнгөн кризис тереңдешкен Ливия үчүн бир үстөлдүн тегерегине чогулду.

1343521
Ливия темалуу Берлин конференциясы өтүп жатат

Ливияда туруктуу ок атпоону жана тынчтыкты камсыздаш үчүн саммит Германиянын борбор шаары Берлинде башталды.

12 өлкө жана төрт эл аралык уюм, эл аралык коомчулук экиге бөлүнгөн кризис тереңдешкен Ливия үчүн бир үстөлдүн тегерегине чогулду. Конференциянын максаты Ливияда ок атпоонун камсыздалышы жана саясий чечүүчү жолго салым кошуу болуп саналат.

Конференцияда үй ээси Германия менен катар Түркия, АКШ, Орусия,Англия,Франция, Бириккен Араб Эмирликтери, Италия, Египет, Алжир, Конго менен Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги, Африка Биримдиги жана Араб лигасынын өкүлдөрү катышууда.

Чакарылгандардын арасында кризистин тараптары, эл аралык мыйзамдуулугу болгон Улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министри Файиз эс-Сарраж менен өлкөнүн чыгыш жагын көзөмөлүндө кармаган козголоңчу Халифе Хафтер бар.

Хафтерди колдогон өлкөлөр болсо Франция, Бириккен Араб Эмирликтери жана Египет.

АКШ, Ливия темасында так мамиле көрсөткөн жок. Орусиянын Хафтерге таасири күчтүү экени белгилүү.



Тектеш кабарлар