Трамптын импичмент процесси башталды...

Өкүлдөр палатасынын Трамп туурасында кабыл алган 2 импичмент беренеси, мындан кийинки процессте прокуратура милдетин аткара турган Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү тарабынан Сенатка расмий түрдө тапшырылды.

1342602
Трамптын импичмент процесси башталды...

АКШнын президенти Дональд Трамптын сенаттагы сурак процесси башталды.

Өкүлдөр палатасынын Трамп туурасында кабыл алган 2 импичмент беренеси, мындан кийинки процессте прокуратура милдетин аткара турган Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү тарабынан Сенатка расмий түрдө тапшырылды.

Өкүлдөр палатасынын төрагасы Нэнси Пелоси тарабынан кечээ жарыяланган жана жетекчилигин Чалгындоо комитетинин төрагасы Адам Шифф милдеттенген 7 кишилик прокуратуранын өкүлдүк тобу, Сенат имаратына кирип сөз болгон расмий документтерди тийиштүү бөлүмгө тапшырды. Андан соң трибунага чыккан Шифф, Трампка багытталган күнөөлөр тууралуу себептерди камтыган 9 барактык текстти окуду.

Сенаттагы сурактарга жетекчилик кыла турган Жогорку соттун төрагасы Жон Робертс, Сенаттын жалпы жыйынында ант берип «импичмент сотунун төрагасы» болду.

Робертстин карамагындагы алгачкы жыйналышта импичмент отурумунда калыс катары милдет ала турган 100 сенатор, алгач тобу менен ант берди, андан соң тийиштүү расмий документке бир-бирден кол коюп кызматын баштады.

Отурумдун акырында сот төрагасы Робертс, сөз болгон расмий протоколдордун бүткөрүлүшүнөн кийин «импичмент сотуна» айланган Сенаттын Жалпы жыйынынын 21-январь шейшемби күнү түштөн кийин жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00дө кайрадан чогула турганын жарыялады.

Трамптын импичмент кылынышына карата Сенаттагы алгачкы сот катары каттала турган алдыдагы шейшемби күнү болуучу сотто, доогер жана коргоочу тараптардын алгачкы баяндамаларын жасоосу күтүлүүдө.

АКШда 3-февралда Айова штатында алдын ала шайлоолордун баштала турган болушунан улам, Сенаттагы импичмент сотторунун бир канча аптанын ичинде бүткөрүлүшү жана Сенатта көбүнчө Республикачылдардын колдоосу менен Трамптын акталып чыгышы күтүлүүдө.

Өкүлдөр палатасынын төрагасы Нэнси Пелоси, 2019-жылы 24-сентябрда «АКШнын улуттук коопсуздугуна зыян тийгизгени» жана «Президенттик антына кыянаттык кылганы» себептери менен Трампка импичмент териштирүүсүн башагандарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар