Парижде болгон митингдер

Париж Коопсуздук директорлугунан берилген маалыматта борбор шаардагы митингде 11 кишинин камоого алынгандыгы билдирилди.

1342641
Парижде болгон митингдер

Францияда президент Еммануэль Макрон башкаруусунун пенсия реформасына каршы баштатылган иш таштоолор улантылып, реформага дагы бир жолу каршы чыгуу болду.

Профсоюздардын чакыруусу менен Парижде Монтпарнассе мааласында чогулган митингчилер Италия аянтына чейин жүрүштү. Макрон башкаруусуна каршы ураандар менен жүргөн митингчилер пенсия реформасынын кайра алынышы тууралуу катуу турушкандарын белгилешти.

Париж Коопсуздук директорлугунан берилген маалыматта борбор шаардагы митингде 11 кишинин камоого алынгандыгы билдирилди. Өлкөнүн түрдүү шаарларында да митингдер өткөрүлдү.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Парижде 23 миң киши, жалпы өлкөдө 187 киши митингге катышты.

Пенсия реформасына каршы башталган иш таштоолор 43 -  күнүнө кирип, саламаттык сактоо жана транспорт боюнча тейлөөдөгү олуттуу аксоолор күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө.

Профсоюздар реформага каршы чыгуу үчүн 24 -  январда жалпы өлкөдө кайрадан митингге чыгууга чакырган.

 



Тектеш кабарлар