Франция учак конуучу кемесин Жакынкы Чыгышка жиберет
Франциянын президенти Еммануэль Макрон учак конуучу кеме Шарля де Голлянын Жакынкы Чыгышка жиберилерин билдирди.
Франциянын президенти Еммануэль Макрон учак конуучу кеме Шарля де Голлянын Жакынкы Чыгышка жиберилерин билдирди.
Макрон жаңы жылдан улам өлкөсүнүн Орлеанс шаарында аскерлерге карата өткөрүлгөн жыйында учак конуучу кеме Шарля де Голлянын апрель айына чейин «Шаммал» операциясына колдоо берүү максатында Жакынкы Чыгышта кызмат кыларын белгиледи. Кеменин ошол эле учурда Европа өлкөлөрү менен бирдикте өткөрүлө турган операцияларда колдонуларын айткан Макрон террордук уюм ДЕАШ коркутуусунун арткандыгын жактады.
Франциянын борбор шаары Парижде 2015 - жылы 17 - ноябрда болгон, 130 киши каза болгон жана жоопкерчилигин ДЕАШ алган террордук кол салуулардан кийин Шарля де Голля учак кемеси Чыгыш Жер Ортолук деңизине жиберилген. Кеме өткөн жылы Түштүк Кытай деңизинде да кызмат кылган.
Франция «Шаммал» операциясын 2014 - жылы 19 - сентябрда Иракта ДЕАШ коркунучуна каршы өзгөчө абадан кол салуулар менен баштаган. Операция андан кийин Сириядагы ДЕАШ коркунучун да ичине ала тургандай түрдө кеңейтилген.