Сергей Лавров : "Москвадагы Ливия сүйлөшүүлөрү Берлин конференциясы үчүн даярдык"

Лавров Индиянын борбор шаары Делиде өткөн «Раисина диалогу» конференциясында Ливия кризисине байланыштуу маалыматтарды берди.

1341223
Сергей Лавров : "Москвадагы Ливия сүйлөшүүлөрү Берлин конференциясы үчүн даярдык"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын борбор шаары Москвада болгон Ливия сүйлөшүүлөрүнүн Германиянын борбор шаары Берлинде 19 -  январда өткөрүлө турган Ливия конференциясы үчүн даярдык экендигин айтты. Лавров Индиянын борбор шаары Делиде өткөн «Раисина диалогу» конференциясында Ливия кризисине байланыштуу маалыматтарды берди.

Ливия сүйлөшүүлөрүнүн дүйшөмбү күнү Москвада өткөндүгүн эске салган Лавров : «Сүйлөшүүлөрдүн бардык маселелерди чечерине жана акыркы болорун эч качан айткан жокпуз. Москвадагы Ливия сүйлөшүүлөрү Берлин конференциясы үчүн даярдык»,- деди.

Лавров Берлиндеги конференцияга Ливиядагы бардык тараптардын чакырылышы керектигин белгиледи. Ливиянын чыгышындагы расмий болбогон куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин ок атышпоо келишимине кол коюу үчүн мөөнөт сурагандыгын эске салган Лавров : «Бул абалды трагедияга айландырууну каалабайбыз. Бул мындан мурда да Париж, Палермо, Абу Дабиде өткөн сүйлөшүүлөрдө да болду»,- деди.

Түркия менен Орусиянын делегациялары менен Ливиядагы тараптардын ортосунда дүйшөмбү күнү Москвада сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.

Түрк делегациясы Ливия улуттук ынтымактык өкмөтүнүн төрагасы Файиз ес  - Серраж менен Ливия мамлекеттик жогорку кеңешинин төрагасы Халид   ел  - Мишри менен келишим текстин түзүшкөн.

Орусия делегациясы болсо Хафтер жана борбору Тобрук болгон Өкүлдөр парламентинин төрагасы Акиле Салихти көндүрүүгө аракет кылган. Бирок Хафтер көпкө созулган аракеттин натыйжасында түзүлгөн келишим текстине кол койгон жок жана кечээ эрте мененки сааттарда Москвадан кетти.

Орусиянын коргоо министрлиги Ливиянын чыгышындагы расмий болбогон куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин Файиз ес  - Серраж башкаруусундагы Ливия улуттук ынтымактык өкмөтү менен ок атышпоо келишимине оң карагандыгын бирок кечээ жергиликтүү сүйлөшүүлөр үчүн 2 күн убакыттын керек экендигин билдирген.



Тектеш кабарлар