Сирияда Асад режими ок атпоону бузду

Режим күчтөрү 02:00 чамаларынан баштап жеңил жана оор куралдар менен Маарратүрнуман районунун чыгыш элет жерин улам-улам аткылап жатты.

1339429
Сирияда Асад режими ок атпоону бузду

Сирияда Асад режими жана анын колдоочусу Ирандын көзөмөлүндөгү террорист топтор, Орусия жана Түркиянын демилгеси менен кечээ 00:01ден кийин башталган ок атпоону кургактык кол салуусу менен бузуп жарандык отурукташууларды бутага алды.

Режим күчтөрү 02:00 чамаларынан баштап жеңил жана оор куралдар менен Маарратүрнуман районунун чыгыш элет жерин улам-улам аткылап жатты.

Ок атпоону бузуулар кечээ кечке дейре маал-маалы менен уланып турду.

Марушин, Кефер Басин, Дейр Гарби, Такане, Тел Меннис, Рекая жана Хантутин айылдары орун алган аймактан жарандардын көпчүлүгү көчүп кеткендиктен режим күчтөрүнүн оор куралдар менен бомбалаганына карабастан жан жоготуу болгон жок.

Бир тараптан режим жана Орусия кечээ күндүз абадан кол салган жок.

Ок атпоону жарандарды жерлеринен ажыратыш үчүн мүмкүнчүлүккө айландыргысы келген Асад режими, тик учактар менен Идлибдин чыңалууну азайтуу аймагынын ичиндеги батыш Халебдин элет жерлерине жарыя таштаган.

Жарыяда Идлиб шаары жана Батыш Халеб аймагын «террордук уюмдардан тазалоо чечиминен баш тартуу болбой турганын» жазган. Жарандардын Идлиб жана Батыш Халебдин элет жерлериндеги Хабит, Абу Зухур жана Хадир айылдары аркылуу режимдин көзөмөлүндөгү аймакка өтүүлөрү жана отурукташкан жерлердин бошотулушу талап кылынган.

Жарыяда элдин болушу армиянын «террористтерге» карай илгерилөөсүнө тоскоол болгону айтылган.

Асад режими бардык аскердик топторду айырмалабастан «террордук уюмдар» деп атаган.



Тектеш кабарлар