Пакистандын тышкы иштер министри Тегеранда кесипетши Жевад Зариф менен жолугушту
Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык темалар каралды.
1339672
Иранда расмий жолугушууларды өткөргөн Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши борбор шаар Тегеранда ирандык кесиптеши Мухаммед Жевад Зариф менен жолугушту. Ирандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Зариф менен Курейши эки тараптуу карым катнаштар жана аймактык темаларды карашты.
Жолугушууда өзгөчө Перс булуңундагы чыңалуунун түшүрүлүшү үчүн пикирлерин билдиришти. Курейши кечээ барган Тегеранда президенти Хасан Рухани менен да жолугушту.