Ливия да «ок атпоо» башталды

Ливиянын чыгыш жагындагы төңкөрүшчүл лидер Халифе Хафтерге караштуу күчтөр ок атпоого макул болушту.

1339145
Ливия да «ок атпоо» башталды

Түркия жана Орусиянын Ливияда «ок атпоо» чакыруусу оң натыйжа берди.

Ливиянын чыгыш жагындагы төңкөрүшчүл лидер Халифе Хафтерге караштуу күчтөр ок атпоого макул болушту.

Ок атпоо жергиликтүү убакыт боюнча 12-январда саат 00:00дө Түркия убактысы боюнча саат 01:00дө башталды.

Хафтерге караштуу күчтөрдүн басма сөз катчысы Ахмед ал-Мисмари, расмий социалдык медиа барагы аркылуу жарыялаган видеолуу билдирүүсүндө Ливиянын батыш жагындагы «операциялары тууралуу ок атпоо чакыруусун кабыл алгандарын», бирок каршы тарап ок атпоону бузган учурунда катуу жооп кайтара тургандарын билдирди.

Ок атпоодон кийин акыркы 48 сааттан бери ок атышуунун үндөрү жаңырган борбор шаарда тынчтык орноду.

Ок атпоо борбор шаар Триполиде фейерверк атылып белгиленди.

Ливиянын эл аралык мыйзамдуулукка ээ болгон Улуттук ынтымак өкмөтүнүн транспорт министрлиги Хафтердин кол салууларынын себебинен жабылган борбор шаар Триполинин дүйнөгө ачылган жалгыз каалгасы Митига аэропортунун кайрадан аба каттамына ачыла турганын жарыялады.

Акыркы убактарда Ливия темасында дипломатиялык алакаларын күчөткөн Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте, Твиттер барагынан бөлүшүсүндө, «Хафтер күчтөрү ок атпоону кабыл алды. Бул саясий чечүүчү жол изденүүсүндө алгачкы кадам. Дагы деле бул темада ашып өтүлүшү керек болгон көп жол бар, бирок жол туура»,деген серебин салды.

Премьер-министр Конте, кечээ Ливиянын премьер-министри Фаиз эс-Сараж менен Римде жолугушса, Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Конте, шаршемби күнү төңкөрүшчүл лидер Хафтерди Римде тосуп алган болчу.



Тектеш кабарлар