Орусия билдирген ок атышпоого карабастан Асад режими Идлибге кол салды

Орусиянын коргоо министрлиги Сириянын Идлиб аймагында кечээ 14төн баштап ок атышпоонун ишке аша баштагандыгын билдирген.

1338684
Орусия билдирген ок атышпоого карабастан Асад режими Идлибге кол салды

Сирияда Башар Асад режими Орусиянын Идлибде ок атышпоонун жарыялангандыгын ортого салганына карабастан кол салууну улантууда.

Орусиянын коргоо министрлиги Сириянын Идлиб аймагында кечээ 14төн баштап ок атышпоонун ишке аша баштагандыгын билдирген.

Асад режими айтылган ок атышпоо саатынан кийин кечээ Идлиб түштүк жана түштүк - чыгыш элетиндеги Маарратүннуман районуна, Маар Шурин, Маршимше, Тел Меннис, Беббиле айылдарына пулемет, ракета жана кургактыктан кургактыкка аткан куралдар менен кол салды.

Режим күчтөрү бүгүн да Маарратүннуман району менен Тел Менниске пулемет менен кол салды.

Маар Шурин айылына болсо кургактытан жана абадан кол салуу болду.

Өзгөчө режим Маарратүннуман районунун чыгышындагы Түх -Дейр Шарки жана Жерженаз- Тел Меннис жолунда кургактыктан алдыга жылуу максатында кол сала баштады.

Орусиянын Түркия менен 2018 -жылы 17 -сентябрда түзгөн Сочи меморандумунан бир канча убакыттан кийин да кол салуулар улантылды.

Идлиб араздашууну азайтуу аймагын бутага алган Орусия режим жана Иран колдогон террористтер 2019 -жылдын башынан бери Түркия чек арасына жакындарына 1 миллион 300 миң жарандын көчүшүнө себеп болду. Бомбалоолордо 1600дөн ашуун жаран каза болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар