Орус армиясы 24 миллиард долларга жабдылат

Сергей Шойгу армиянын 2020-жылдагы каржылоолоруна байланыштуу маалымат берди.

1338644
Орус армиясы 24 миллиард долларга жабдылат

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, орус армиясын жабдуу үчүн быйыл 1 триллион 500 миллиард рубль (орто эсеп менен 24 миллиард доллар) сарптала турганын билдирди.

Сергей Шойгу министрликте катышкан жыйында, армиянын 2020-жылдагы каржылоолоруна байланыштуу маалымат берди.

«Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жабдылуусу үчүн 2020-жылы 1 триллион 500 миллиард рублдан ашкан бюджет көздөлүүдө»,- деген Шойгу, бул сумманын 68 пайызынын заманбап курал системаларын сатып алууга бөлүнгөнүн айтты.

Орус армиясынын жабдылуусу үчүн өткөн жылы 1 триллион 440 миллиард рублдик бюджет бөлүнгөн болчу.



Тектеш кабарлар