Дональд Трамп Ким Чен Ынга кат жөнөттү

Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды туулган күнү менен куттуктады.

1338721
Дональд Трамп Ким Чен Ынга кат жөнөттү

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды туулган күнү менен куттуктады.

Йонхап маалымат агенттигинин кабарына караганда Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңсесинин төрагасы Чунг Ёй Ён, үч күндүк АКШ сапарынан кайтып келе жатканда аэропортто маалымат берип, Трамптын Кимге 8-январь экени билинген туулган күнүнөн улам куттуктоо билдирүүсүн жөнөткөнүн айтты.

Чунг, Трамптын Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Инден туулган күн билдирүүсүн Кимге жеткиришин суранганын белгиледи.

Билдирүү тууралуу маалымат бөлүшпөгөн Чунг, билдирүүнүн Түндүк Кореяга «ылайыктуу түрдө» жеткирилгенин маалымдады.

 



Тектеш кабарлар