Ирандын коркутууары уланууда

Эбульфазл Шикарчи, Фарс маалымат агенттигине берген маалыматында Вашингтон бийлиги аскердик борборлорун аймактан чыгарып кеткенге дейре сахнадан түшпөй тургандарын айтты.

1337476
Ирандын коркутууары уланууда

Ирандын башкы штаб башчылыгынын басма сөз катчысы, генерал майор Эбульфазл Шикарчи, Ирактагы Американын базаларына жүргүзүлгөн чабуулдарын «өч алуунун бүткөнү» түрүндө карабай тургандарын айтты.

Эбульфазл Шикарчи, Фарс маалымат агенттигине берген маалыматында Вашингтон бийлиги аскердик борборлорун аймактан чыгарып кеткенге дейре сахнадан түшпөй тургандарын айтты.

АКШнын ийгиликтүү коргонуу системасы жок экенин жана ракеталардын эң чоң, эң көп жабдылган базага атылышына бөгөт боло алышпаганын жактаган Шикарчи, бул абалдын аймакта АКШга караштуу түрдө кыймыл кылган өлкөлөр үчүн да сабактарды камтыганынын серебин салды.

Эбульфазл Шикарчи: «Бүгүн (кечээ) жүргүзүлгөн чабуулдарды өч алуунун бүткөнү түрүндө карабайбыз. Чыныгы өч алуу абдан жогорку деңгээлде боло тургандыктан, АКШлыктар бардык нерсесин чогултуп аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болот»,-деп айтты.

Чабуулдардан мурда АКШ менен Ирандын координациялуу кыймыл кылганын жана базаларын ушул себептен таштап кеткени айтымдары тууралуу болсо Шикарчи: «Бул күлкүнү келтирген жалган болуп саналат. Принцип катары дагы душманды муштаганга карама-каршы келет. АКШны канкор душман катары билебиз. АКШлыктар максаттарына жетиш үчүн ушундай түшүнүк операцияларын өндүрүүдө»,деген пикирин бөлүштү.

Тегеранда кулап түшкөн Украина аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын ракеталар менен атылганы жөнүндөгү айтымдардын туура эместигин айткан Ирандын Башкы штаб башчылыгынын басма сөз катчысы, бул дагы психологиялык согуштун бир бөлүгү экенин жана АКШнын кызыкчылыктарын жактагандар тарабынан жаратылган айтым болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар