Иранда кырсыкка учураган учакты иликтөө үчүн украиналык делегация Тегеранга барды

Иран аба жолдору мекемесинин катчысы Хасан Рызайифер Украинадан араларында кырсыкты иликтөө эксперттери да болгон бир делегациянын Тегеранга келгендигин билдирди.

1337783
Иранда кырсыкка учураган учакты иликтөө үчүн украиналык делегация Тегеранга барды

 

Иранда кырсыкка учураган Украина аба жолдоруна таандык Боинг 737 моделиндеги жүргүнчү учак тууралуу иликтөө жүргүзүү үчүн Украинадан бир делегация борбор шаар Тегеранга барды.

Тасним маалымат агенттигине маалымат берген Иран аба жолдору мекемесинин катчысы Хасан Рызайифер Украинадан араларында кырсыкты иликтөө эксперттери да болгон бир делегациянын Тегеранга келгендигин билдирди.

Эл аралык жарандык авиация уюмуна да кырсыктын иликтениши тууралуу чакыруу салышкандарын айткан Рызайифер Украинадан барган делегация менен биринчи жыйындын бүгүн Тегеранда өткөрүлөрүн белгиледи.

Иран аба жолдору мекемесинин төрагасы Али Абидзаде кечээки билдирүүсүндө кара кутунун Иранда иликтенерин, иликтөөгө украиналык жетекчилердин да катышарын айткан.

Украинанын борбор шаары Киевге баруу үчүн Тегеранда Имам Хумейни эл аралык аэропортунан учкан Боинг 737 моделиндеги жүргүнчү учагы кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 06. 18де техникалык себептен улам кырсыкка учурап, учактагы жүргүнчү жана экипаждан турган 176 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар