Афганстанда тынчтык министрлиги түзүлдү
Парламент тарабынан да бекитилген министрлик тынчтык процесси тууралуу биринчи жыйынын борбор шаар Кабулда өткөрдү.
Афганстандын президенти Эшреф Ганинин чечими боюнча Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн ылдамдатуу үчүн тынчтык министрлиги түзүлдү
Парламент тарабынан да бекитилген министрлик тынчтык процесси тууралуу биринчи жыйынын борбор шаар Кабулда өткөрдү.
Тынчтык министринин орун басары Гулам Яхя Аббас жыйында сүйлөгөн сөзүндө министрликтин тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы жакшы координациялоо, бардык мекемелерди тынчтык тууралуу сүйлөшө ала турган бир чатыр астында чогултуу үчүн иштей тургандыгын айтты.
Жогорку Тынчтык Шурасынын да өздөрүнө Талибан менен тынчтыкты түзүүдө жардам берерин айткан Аббас Шуранын тынчтык тууралуу тажрыйбаларынан пайдаланышарын белгиледи. Аббас Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы үчүн олуттуу иштерди аткарышарын белгиледи.
Афганстан Жогорку Тынчтык Шурасы мурунку президент Хамит Карзай тарабынан 2010 - жылы курулган.