Сириянын Ракка облусунда 27 жаран өлтүрүлдү

27 чабандын бычак жана ок атуучу куралдар менен өлтүрүлгөндүгүн белгилеген булактар 10дон ашуун кишиден кабар алына албай жаткандыгын маалымдашты.

1335723
Сириянын Ракка облусунда 27 жаран өлтүрүлдү

Сириянын ортоңку бөлүгүндөгү Ракка облусунда 27 чабан өлтүрүлдү.

Жергиликтүү булактар кыргындын Ракканын түштүгүндөгү Мадан жана Сапха райондорундагы жайыт жеринде болгондугун билдирди.

27 чабандын бычак жана ок атуучу куралдар менен өлтүрүлгөндүгүн белгилеген булактар 10дон ашуун кишиден кабар алына албай жаткандыгын маалымдашты.

Булактар кыргындын Дейрузордогу Иран колдогон чет элдик террордук топторго таандык конвой жана Башар Асад күчтөрүнө колдоо берүү үчүн Раккага өтүп бара жатканда болгондугуна көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар