Ирактан чет элдик күчтөрдүн өлкөдөн чыгарылышы үчүн даярдыктар жүргүзүлүүдө

Кызматынан кеткен премьер  - министр Абдулмехди Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1335315
Ирактан  чет элдик күчтөрдүн өлкөдөн чыгарылышы үчүн даярдыктар жүргүзүлүүдө

Иракта кызматынан кеткен премьер  - министр Адил Абдулмехди өкмөттүн чет элдик күчтөрдүн өлкөдөн чыгарылышы үчүн мыйзамдуу кадамдарды жана процедураларды даярдоо баскычында экендигин билдирди.

Ирак өкмөтүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кызматынан кеткен премьер  - министр Абдулмехди Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Абдулмехди түрдүү мекемелердеги ирактык жетекчилердин парламенттин чет элдик күчтөрдүн өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу чечимдин ишке ашырылышы үчүн керектүү процедураларды даярдап жаткандыгын билдирди.

Эл аралык коалициянын ортосундагы карым  - катнаштардын келечеги жана Ирак эгемендигине сый көрсөтүүнүн негизинде ДЕАШка каршы согуш сөз болгон сүйлөшүүдө Ле Дриан бул маселе боюнча дагы көпкө ойлонуу  керектигин баса белгиледи.

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция Иракта күч алган абалдар тууралуу өлкөдөгү машыктырууларды токтоткондугун билдирди.

Ирак парламентинде кечээ өткөн кезексиз отурумда  добуш көптүгү менен АКШ жана башка чет элдик күчтөрдү өлкөдөн чыгаруу чечими чыккан.



Тектеш кабарлар