"Иншаллах" деген сөз немисче сөздүккө кирди

Дудендин интернет сайтында «иншаллах» сөзүнүн немисчеси ''inschallah'' деп орун алды.

1335353
"Иншаллах" деген сөз немисче сөздүккө кирди

 Мусулмандар тарабынан күнүмдүк турмушта көп колдонулган «иншаллах» деген сөз немисче сөздүккө кирди.

Германиянын маанилүү сөздүгү катары кабыл алынган, өлкөдө жазуу эрежелери жана сөздүк тууралуу сөз ээси болгон Дудендин интернет сайтында «иншаллах» сөзүнүн немисчеси ''inschallah'' деп орун алды.

Сөздүктө сөздүн мааниси «Алла кааласа» деп билдирилди. Сөздүн арапча  экендиги жана мусулмандардын арасында көп колдонулгандыгы баса белгиленди.

Иншаллах деген сөздүн Дудендин жаңы чыгара турган сөздүгүндө орун алып же албай тургандыгы тууралуу азырынча маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар