Иран өч аларын билдирди

Кудс күчүнүн командири генерал Касым Сүлейманинин өлтүрүлгөнүнө Тегеран башкаруусунун каршылыгы абдан катуу болду.

1334037
Иран өч аларын билдирди

Ирандын Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс күчүнүн командири генерал Касым Сүлейманинин Американын ракеталык кол салуулары менен Ирактын борбор шаары Багдатта өлтүрүлүшүнө Тегеран башкаруусу катуу каршылык көрсөттү.  

Ирандык жетекчилер бири биринин артынан өч алуу билдирүүлөрүн жарыялашууда.

Үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган диний лидер Али Хаманей : «Кылмышкерлерди абдан катуу өч алуу күтүп жатат»,- деди. Бул жоготуунун абдан оор болгондугун бирок күрөшүүнүн жеңиш алып келгенге чейин улантыларын жана «кылмышкерлердин» турмушун тозокко айландырарын айткан Хаманей : «Сүлейманинин өлтүрүлүшү АКШ жана Израилге каршы туруу мотивациясы эки эселенет»,- деди.

Президент Хасан Рухани берген маалыматында : «Иран калкы жана аймакта эркиндикти каалаган башка өлкөлөр эч шексиз мунун өчүн алат»,- деди.

Тышкы иштер министри Жевад Зариф болсо Селейманини өлтүрүүнүн абдан коркунучтуу бир кадам экендигин жана ыктымалдуу жыйынтыктарынан АКШнын жооптуу экендигин айтты. Твиттерден маалымат берген Зариф Касым Сүлейманинин ДЕАШ, Аль Каида жана Нусра сыяктуу аймактагы террордук уюмдар менен күрөшүүнүн эң таасирдүү күчтөрүнөн болгонун айтып АКШнын кыймылын «эл аралык терроризм» деп мүнөздөдү.

Ирандык генералга карата кол салууну «абдан коркунучтуу жана акылсыздык» деген Зариф : «АКШ кылгандарынын баарынан жооптуу болот»,- деди.

Коргоо министри Эмир Хатеми болсо : "Кол салуунун жообу катуу болот",- деди. Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАга караганда Хатеми берген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Бул мыкаачылык чоң шайтан Американын аймак жана Иракта террор колдоочусу экендигинин ачык далили. Кол салуунун жообу катуу түрдө берилет жана төгүлгөн кандын өчү бул ишке киришкендерден алынат",- деди. 

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын командирлеринен Мухсин Рызаи да АКШ кол салуусунда каза болгон Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин өчүн алышарын айтты.

Ирандын Төңкөрүш Гвардиясынын катчысы Рамазан Шариф да мамлекеттик телекөрсөтүүгө берген маалыматында Төңкөрүш Гвардиясы менен аймактагы союздаштарынын бүгүндөн баштап жаңы бир баскычка өтөрүн жана АКШ менен Израилдин кубанычынын "аза күтүүгө" айланарын айтты. Шериф ирандык генералдын өлтүрүлгөндүгү  өч алышарын билдирди. 

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын мурунку командири да болгон Мухсин Рызаи твиттерден маалымат берип : «Касым Сүлеймани шейит болгон бир туугандарына кошулду бирок АКШдан  өч алуу абдан оор болот»,- деди.

 



Тектеш кабарлар