Орусия жаңы жылдын алгачкы минуталарында Идлибге кол салды

Ноябрь айынын башынан бери Идлибде жерлеринен кеткен жарандардын саны 284.000ге жетти.

1332969
Орусия жаңы жылдын алгачкы минуталарында  Идлибге кол салды

Орусияга таандык аскердик учактар Идлиб шаар борборуна жаңы жылдын биринчи минутасынан баштап абадан катуу кол салды.

Оппозициячылдарга таандык учактарды көзөмөлдөө үйүнүн билдиргенине караганда орус аскердик учактары Идлиб шаар борбору менен Кефер Сенже айылына түн жарымынан баштап 10дон ашуун абадан кол салды.

Ошол эле учурда Асад режими да Бидаме аймагына пулемет, ракета сыяктуу кургактыктан кургактыкка атуу куралдары менен кол салууда. Кол салууда каза болгондор же жаралангандар тууралуу азырынча маалымат жок. Ноябрь айынын башынан бери жерлеринен кеткен жарандардын саны 284.000ге жетти.



Тектеш кабарлар