Аш-Шабабдын мыкаачылыгы
Бомбалуу кол салууну Аш-Шабаб мойнуна алды.
1332199
Сомалинин борбор шаары Могадишодогу бомбалуу кол салууну террордук уюм Аш-Шабаб мойнуна алды.
Могадишодо ишемби күнү болгон бомбалуу кол салууда арасында 2 түрк жараны да болгон 81 киши каза тапкан болчу.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги да кол салуудан кийин жаракат алгандардын дарылануусуна колдоо көрсөтүү максатында улуттук медициналык куткаруучу топ жана хирургия кызматкерлеринен турган 20 кишилик топту Сомалиге жиберген эле.
Жардырууда каза тапкан 2 түрк жараны менен жаракат алган 16 сомалилик Түркияга алып келинген болчу.