Араб лигасы Ливия темасы менен кезексиз жыйынга чогулат

Египеттин расмий маалымат агенттиги MENAнын кабарына караганда, Араб лигасынын жыйналыш өткөрүү чечими Египеттин талабы боюнча чыкты.

1332226
Араб лигасы Ливия темасы менен кезексиз жыйынга чогулат

Араб лигасы Ливиядагы абалды сүйлөшүү үчүн бүгүн туруктуу өкүлдөр деңгээлинде кезексиз жыйынга чогулуу чечимин чыгарды.

Египеттин расмий маалымат агенттиги MENAнын кабарына караганда, Араб лигасынын жыйналыш өткөрүү чечими Египеттин талабы боюнча чыкты.

Кабарда жыйналыштын отурум төрагалыгын Ирак парламенти жасай турганы жана Ливиядагы акыркы абалдын сүйлөшүлө турганы белгиленди.

Египеттин мамлекеттик гезиттеринен Ахбар эл-Йевминдин кабарына караганда Каир башкаруучулугу «Ливиядагы абалдардын аймактын коопсуздугун коркунучка сала тургандай деңгээлде өзгөрүү ыктымалынан улам орток мамилени белгилөө максатында» Араб лигасын кезексиз чогулушка чакырган.

Ливиянын чыгыш жагындагы аскердик күчтөрдүн төңкөрүшчүл генералы Халифе Хафтер, борбор шаар Триполини басып алыш үчүн 4-апрелде кол салуу буйругун берген, буга каршы Улуттук ынтымак өкмөтүнүн күчтөрү «Буркан аль-Жабад» операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар