Түркия Могадишодогу кол салууну айыптап, жаралууларга жардам берүүдө...

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Сомалинин борбор шаары Могадишодо бажы борборлоруна жакын жерлерде бомба жүктөлгөн унаа университеттин окуучуларын ташыган автобус өтүп бара жатканда жардырылды.

1331165
Түркия Могадишодогу кол салууну айыптап, жаралууларга жардам берүүдө...

Сомалинин борбор шаары Могадишодо бомбалуу кол салуу болуп экөө Түркия атуулунан турган кеминде 90 киши каза тапты.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Сомалинин борбор шаары Могадишодо бажы борборлоруна жакын жерде бомба жүктөлгөн унаа университеттин окуучуларын ташыган автобус өтүп бара жатканда жардырылды.

Окуяда экөө Түркия атуулунан турган 90 чакты киши каза болду.

Буга кошумча кол салууда каза болгон 2 түрк жаранынын ал өлкөдө ишин жүргүзгөн түрк фирмасында иштегени белгиленди.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) Могадишодогу координатору Галип Йылмаз: «Бомбалуу кол салууда каза болгон түрк жарандары түрк фирмасында иштеп жатышкан. Фирма жарылуу болгон аймакта, Катар финансылаган Могадишо-Агойе асфалт жолун салуу долбоорун милдеттенген»,-деп айтты.

Бул окуянын фирмага багытталган бешинчи кол салуу болгонун маалымдаган Йылмаз: «Төрт ай мурда дагы ошол эле фирманын унаасына кол салуу болуп эки түрк кызматкери жаракат алган. Андан мурдагы кол салууда фирмада иштеген сомалиликтер каза болушкан»,-деди.

Жарылуу чөйрөдөгү ишканаларды чоң зыянга учуратты.

Түркиянын Могадишодогу элчиси Мехмет Йылмаз, кол салуудан эки түрк жараны каза тапканын жарыялады.

Элчи Йылмаз, жаралуулардын көпчүлүгүнүн Могадишодогу «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы билим берүү жана изилдөө  ооруканасында дарыланып жатканын айтты.

Йылмаз, Элчиликтин Түркиядагы жана Сомалидеги тийиштүү органдар менен жакын байланыш куруп жатканын айтып, Сомалинин жаралуулар үчүн Түркиядан тез жардам учак талап кылганын, бул теманы карап жаткандарын билдирди.

Бир тараптан Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттер аркылуу берген маалыматында кол салууга наалат айтып, «Режеп Таййип Эрдоган атындагы ооруканабыздын кызматкерлери аймактагы калкты дарылап жатат. Улуттук медициналык куткаруу тобу жана хирургиялык топтон турган 20 кызматкерибизди Могадишого жөнөтүүдөбүз»,деп бөлүштү.

Бир тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Твиттер барагынан маалымат бөлүшүп, «Могадишодо болгон мыкаачылык террордук кол салууда каза болгон эки атуулубуздун жана сомалилик туугандарыбыздын жаткан жерлери жайлуу болсун. Боордош Сомалини ар дайым колдойбуз. Террорго каршы күрөшүүбүз чечкиндүү түрдө уланат»,-деп айтты.

Кол салуунун жоопкерчилигин милдеттенген эч ким чыга элек.

Ал Каида менен байланышы болгон Эш Шебаб террордук уюму Сомалиде акыркы убактарда тез-тез жардырууларды кылып келет.



Тектеш кабарлар